Коррупцияга шектелген кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун мүчөсү үй камагына чыкты

16 февраля 2022, 14:10

Коррупцияга шектелип кармалган кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын мүчөсү Нурлан Мамытов үй камагына чыкты. Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунан билдиришкендей, мындай чечим кечээ жыйындын жүрүшүндө кабыл алынды.

Тергөөчү баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу өтүнүч келтиргени белгиленди.

Эске салсак, Нукрлан Мамытовго карата Жазык кодексинин “Коррупция” беренеси боюнча айып тагылган. Ал ушул жылдын 8-мартына чейин УКМКнын абагында кармалышы керек болчу.