Корумду – Балбай жолунун курулушуна 111,07 млн доллар жумшалат

12 апреля 2024, 11:40

Ысык-Көлдө Корумду – Балбай жолунун курулушу башталды. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, айланма трасса төрт тилкелүү болот жана тротуар, веложол да каралган.

Долбоордун жалпы баасы 111 миллион доллардан ашат. Каражатты Ислам өнүктүрүү банкы, Кувейт Араб экономикалык фонду, Сауд өнүктүрүү фонду жана ОПЕКтин эл аралык өнүктүрүү фонду берет. Мамлекеттик бюджеттен да акча бөлүнгөн.

Корумду – Балбай жолунун курулушу 2025-жылы аяктайт деп пландалууда.