Кыргызстанда 2024-жылга чейин 715 айыл таза суу менен камсыздалат

22 июня 2020, 16:15

Өлкө боюнча 2024-жылга чейин 715 айыл таза суу менен камсыздалат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Сайпидин Момунов билдирди.

Анын айтымында, 2016-жылдын март айында КРнын өкмөтү №155 токтом кабыл алып, ага ылайык, Кыргызстандын конуштарын ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууну чыгарууну өнүктүрүүнүн 2026-жылга чейинки стратегиясы кабыл алынган.

«Ошондой эле стратегиянын иш-чаралары да бекитилген болчу. 2018-жылы КРнын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы бекитилгенине байланыштуу калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыз кылуунын жаңы программасы кабыл алынган. Бул программада мурунку стратегиядан өзгөчөлөнүп жаңы бөлүмдөр киргизилген. Алар: тариф саясаты бөлүмү, мамлекеттик башкаруу жана тармакты өнүктүрүү бөлүмү, секторду жөнгө алуу бөлүмү», - дейт ал.

Ал билдиргендей, жаңы программа боюнча 2024-жылга чейин 715 айыл, 21 шаар толук таза суу менен камсыз болуп, саркынды сууну чыгаруу системасы пайда болот.

«Ошондой эле 448 айылдагы 1970-1990-жылдары курулган тармактарды реаблитациялоо иши да камтылган. Жалпы жонунан бул тармакка керектелген 68 млрд сомдун ичинен бүгүнкү күндө 32 млрд сомдон ашыгы тартылып, иштелип жатат», - деди Момунов.