Кыргызстанда 3 млн 451,4 миң шайлоочу бар

3 сентября 2020, 13:20

Кыргызстанда 3 млн 451,4 миң шайлоочу бар. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр Акрам Мадумаров билдирди.

Анын айтымында 2015-жылы өткөн парламенттик шайлоого караганда быйыл шайлоочулардын саны 667,7 миңге көбөйгөн.

«Бүгүнкү күнгө карата шайлоочулардын жалпы саны 3 млн 451,4 миң адамды түздү. Тизмелер tizme.gov.kg мамлекеттик порталга жайгаштырылып, шайлоо тилкелерине илинди. Урматтуу жарандар аталган порталга кирип тизмеңиздерди тактап алсаңыздар болот», - деди ал.