Кыргызстанда айыл чарба тармагынын өсүшү байкалууда
Республика боюнча биринчи жарым жылдыкта ИДПнын өсүшүнө реалдуу салым кошкон айыл чарба тармагы болуп эсептелинди. Өсүү 1.6% түздү. Бул тууралуу Экономика министрлиги маалымдады.
Айыл чарба продукциясынын өсүшү Бишкек шаарынан башка Кыргызстандын бардык аймактарында (98.6%) катталган:
- Ысык-Көл облусу – 101.3%;
- Жалал-Абад облусу– 103.2%;
- Баткен – 103%;
- Чүй – 101.2%;
- Нарын – 101.1%;
- Ош– 100.9%;
- Талас – 100.5%;
- Ош шаары – 101.2%.
Кошумчалай кетсек, быйыл 1 млн 223.6 миң гектар жерден түшум алынган. Бул 2019-жылга салыштырмалуу 6.9 миң гектарга көп.