КР акчалардын басымдуу бөлүгү Орусиядан которулат

21 августа 2020, 11:45

Кыргызстанга которулган каражаттардын көлөмү жарым жыл ичинде, өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 13.2% төмөндөгөн. Бул тууралуу экономика министрлиги маалымдады.

Үстүбүздөгү жылдын январь-июнь айларында өлкөгө чет жерден 977.1 млн доллар акча которулган. Ал эми 2019-жылдын ушул эле убакыт аралыгында бул каражаттын көлөмү 1 млрд 126.4 млн сомду түзгөн.

Кошумчалай кетсек, каражаттын басымдуу бөлүгү Орусиядан которулган.