2019 - жылы Кыргызстанда АКШ доллары 0,3 пайызга арзандады
2019-жылдын жыйындыгы доллардын сомго карата баасы 0,3 пайызга төмөндөдү (69, 6439 сом). Бул тууралуу Улуттук банк билдирет.
Маалыматка ылайык, 2019-жыл ичинде Кыргызстандын валюта рыногу туруктуу болду. Май айында доллар кымбаттады. Анда ал 69,8495 сомду түзгөн.
Жыл ичинде алты жолу интервенция жүргүзүлүп, 143 миллион 450 миң доллар сатылды.