Кыргызстандын эл аралык резервдери июнь айында 84.5 млн $ жогорулады

10 июля 2020, 14:30

Июнь айында Кыргызстандын эл аралык резерви 2 млрд 641.1 млн долларга бааланган. Бул маалыматты Улуттук банк билдирди.

Үстүбүздөгү жылдын май айына салыштырмалуу резервдер 84 млн 580 миң долларга жогорулаган. Резервдердин 2 млрд 559.29 млн доллары нак акча катары тезинен которууга мүмкүн.

Кошумчалай кетсек, жыл башынан бери Улуттук банк курстун баасын төмөндөтүү үчүн 227.3 млн доллар сарптаган. Интервенциянын басымдуу бөлүгү март айында жүргүзүлгөн. Эске сала кетсек, бул айда 4 интервенция жүргүзүлгөн.