Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы кызматташтык талкууланды

22 января 2021, 10:00

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы-элчи Эдуар Ауэрди кабыл алды.

Маалыматка ылайык, жолугушууда 2021-жылга коюлган пландар, ошондой эле кызматташтыктын алкагында боло турган иш-чаралар талкууланды.

Эдуар Ауэр Европа Биримдиги Кыргызстандагы социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө, акыйкат башкарууга, мыйзамдын үстөмдүгүнө жана коррупция менен күрөшүүгө көмөк көрсөтүүсүң улантат деп белгиледи.

Тараптар эки тараптуу кызматташуунун маселелерин, ошондой эле эки тараптуу жана көп тараптуу деңгээлдеги алдыдагы иш-чараларды талкуулашты.

2021-жылы Бишкекте Европа Биримдиги-Борбор Азия 1-экономикалык форумун уюштуруунун жана өткөрүү керектигин билдиришти.