Кыргызстандын ИДПсы 10% төмөндөшү күтүлүүдө

26 августа 2020, 13:40

Евразия өнүктүрүү банкынын курамына кирген өлкөлөрдүн төрт айлык жыйынтыгынын негизинде, Тажикстандан башка өлкөлөрдө экономиканын төмөндөшү байкалган. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын аналитиктери маалымдайт.

Россиянын ИДПсы 1.9%, Казакстандыкы - 0.2%, Белорусияныкы - 1.3%, Кыргызстандыкы - 3.8% кыскарган. Арменияда экономикалык активдүүлүктүн көрсөткүчү 1.7% түшүп кеткен.

Эске сала кетсек, Азия өнүктүрүү банкы жана ПРООНдун берген прогнозуна ылайык, КР ички дүң продукциясы 10% төмөндөшү күтүлүүдө.