Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы ишкердик капиталга болгон кош салык жоюлду

4 сентября 2020, 14:30

Эл өкүлдөрү Кыргызстан менен Индия мамлекеттеринин ортосундагы ишкердик капиталга кош салыкты жоюу жөнүндө мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтында маалымдалат.

Макулдашуунун негизги максаты - бир мамлекеттин резидентин башка өлкөдөн басмырлоочу салык салуудан сактоо.

Кошумчалай кетсек, бүгүнкү күндө Кыргызстан ушул сыяктуу макулдашууну 30 өлкө менен биргеликте жүргүзгөн.