Кыргызстанда октябрь айында инфляциянын көлөмү 2.3% түздү
Үстүбүздөгү жылдын октябрь айында ЕАЭБ өлкөлөрү ичинен инфляциянын жогорку көрсөткүчү Кыргызстанда байкалган. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет маалымдады.
Инфляциянын жогорулашынын басымдуу бөлүгү азык-түлүк товарларында 3.4% байкалган.
Россияда октябрь айында инфляциянын көлөмү 0.4% өзгөргөн.
Кошумчалай кетсек, инфляциянын жогорулашы өткөн жылдын декабрь айына карата Кыргызстанда 5.3% түзгөн.