2021-жылы Кыргызстанда инфляциянын көлөмү 5.2% чейин төмөндөйт

2 декабря 2020, 16:15

Евразия өнүктүрүү банкынын 2021-жылдагы прогнозуна ылайык, инфляциянын көлөмү өлкөнүн региондорунда төмөндөйт. Муну менен катар керектөөчү баалардын эң төмөн индекси Арменияда катталган.

Инфляциянын 2021-жылга карата көрсөткүчү Арменияда 1.1% чейин, Белорусияда —5.5%, Казакстанда — 5.3%, Кыргызстанда — 5.2%, Россияда — 3.5%, Тажикстанда - 5.3% төмөндөгөн.

«Евразия өнүктүрүү банкындагы мүчө мамлекеттерде керектөөчү баалардын өсүшү - ички суроо-талапты токтото берет. Быйыл улуттук валюталардын курсунун кесепетинен инфляцияга болгон басымдын акырындык менен төмөндөшү жана азык-түлүктүн дүйнөлүк баасынын өсүшү күтүлүүдө», — деп жазылат маалыматта.