КР ишканалар жана уюмдар маалыматтык технологияларга 4 млрд сом сарпташкан

9 сентября 2020, 13:30

2019-жылы ишкана жана уюмдар маалыматтык технология жана эсептөө каражаттары үчүн 4 млрд сомдон ашык каражат коротушкан. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Белгилей кетсек, анын ичинен 82% үлүш Бишкек шаарына тийиштүү.

Жумшалган каражаттын 79%га жакыны ишканалардын жана уюмдардын өздүк каражаттары болгон. Ал эми мамлекет тараптан жалпы каражаттын 18% бөлүнгөн.