Кыргызстанда жарандыгы жоктор үчүн «жашыл коридордун» мөөнөтү узартылды

5 мая 2020, 15:15

Тышкы иштер министрлигинин сунушу менен өкмөт тарабынан Кыргызстандын аймагында жүргөн чет элдик жарандарга жана жарандыгы жокторго «жашыл коридордун» мөөнөтү узартылды.

«Кыргызстандын айрым аймактарында өзгөчө абалдын 11-майга чейин узартылышын эске алып, ошондой эле чет өлкөлөр менен болгон аба каттамдын убактылуу токтотушуна жана чек аралардын жабылышына байланыштуу чет элдик жарандарга жана жарандыгы жокторго «жашыл коридордун» мөөнөтүн 2020-жылдын 1-июнуна чейин узартуу чечими кабыл алынды», - деп айтылат маалыматта.

Ошентип, учурда Кыргызстандын аймагында виза жана визасыз тартипте жүргөн чет элдик жарандар жана жарандыгы жоктор 1-июнга чейин чыгыш визаларын толтурбастан жана убактылуу жашаган жери боюнча каттоосу болуу талабы коюлбастан Кыргызстандан чыгып кете алышат.