Кыргызстан кайсы өлкөлөргө гуманитардык жардам көрсөткөн?

3 августа 2020, 15:00

Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров Кыргызстан кайсы мамлекеттерге гуманитардык жардам жөнөткөнү тууралуу айтып берди.

Анын айтымында Өзбекстанда «Сардоба» суу сактагычы бузулгандан кийин коңшу мамлекетке 13 млн сомго гуманитардык жардам жөнөтүлгөн.

Тажикстанда жана Афганистанда жашаган этникалык кыргыздарга 2 млн 681 миң сомго азык-түлүк ж.б. түрүндө жардам жиберилген.

Кытайга 5 млн сомго медициналыек карадажаттар жөнөтүлгөн.