Кыргызстанда 17 жеке камсыздандыруу компаниясы бар

18 января 2020, 15:24

Кыргызстанда 17 жеке камсыздандыруу компания жана турак-жайды камсыздандыруу боюнча 1 мамлекеттик компания бар. Бул тууралуу КР Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын жетекчиси Арзыбек Кожошев парламенттин жыйынында билдирди.

«50 миң жаран камсыздандыруу боюнча келишим түзүшкөн. Жалпы сумма 128 млн сомду түзөт», - деп кошумчалады А.Кожошев.

Бул учурда парламентте «КР бир катар мыйзам актыларына ылайык, ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» мыйзам долбоору I окууда каралып жаткан.