Кыргызстандан каражаттар чыгарылып кетпеш үчүн SWIFT системасы өчүрүлдү
Кыргызстандын ичинен банк жана эл аралык төлөм системалары аркылуу чет мамлекеттерге акча которуу убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Улуттук банк маалымдады.
«Өлкөдөн каражаттардын агылып кетүүсүн алдын алуу үчүн SWIFT чек ара төлөмдөрү дагы токтотулду», — деп билдирди Улуттук банктын өкүлү Аида Карабаева.
Кошумчалай кетсек, регулятордун маалыматына ылайык, үстубүздөгү жылдын январь айынан июлга чейин кыргызстандыктар чет мамлекетке 259.2 млн $ которулган. Анын ичинен 97.2% Россияга которулган.