Кыргызстанда көмүр казуунун көлөмү 2.4% жогорулады

29 сентября 2020, 13:45

2020-жылдын январь-август айларында өнөр-жай продукцияларынын көлөмү 1.46 млрд сомду түзгөн. Бул тууралуу өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети маалымдады.

Үстүбүздөгү жылы көмүр казуу тармагындагы продукциянын көлөмү 2.4% жогорулаган, муну менен катар 2019-жылга салыштырмалуу 0.7% тоннага көп көмүр казылып алынган.

«29-сентябрга карата 198.7 тонна көмүр казылып алынган. Азыркы учурда ЖЭБде 242.8 мин тонна көмүр бар», – деп белгилешти ведомстводон.

Эске сала кетсек, күз-кыш мезгилине даярдык октябрь айында бүткөрүлөт.