Кыргызстанда күн панелдеринин пластиналарын чыгаруу боюнча долбоор ишке ашышы мүмкүн

22 сентября 2020, 17:45

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев Кыргызстан менен Россиянын соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын 22-отурумунда Россиянын вице-премьер-министри Алексей Оверчук менен талкууланган долбоорлор тууралуу айтып берди.

Асрандиевдин айтымында, отурумда россиялык «Интер РАО» менен Кыргызстандын «Электр станциялары» ААКсы ортосундагы кызматташуу маселеси талкууланды.

«Ошондой эле күн панелдеринин пластиналарын чыгаруу боюнча долбоор кыска убакытта ишке ашырылуучу жана келечектүү болуп көрүнүүдө», - деди ал.