Кыргызстандын Кувейт менен аба каттамдары ишке кирди
Кыргызстандын Кувейт мамлекети менен аба каттамдары ишке кирди. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинен билдиришти.
Жарандык авиация агенттиги билдиргендей бүгүн, 10-сентябрдан тарта Кувейттин «Jazeera Airways» авиакомпаниясы «Бишкек - Эль-Кувейт» багыты боюнча каттай баштады.
Аталган багыт боюнча каттам жумасына бир жолу - бейшемби күндөрү жүргүзүлүп турат.