Кыргызстан тышкы карыз боюнча Кытай менен сүйлөшүүсүн улантат

20 октября 2020, 09:45

16-октябрда Кыргызстандын КЭР элчиси Канайым Бактыгулова Кытайдын тышкы иштер министринин орун басары Лэ Юйчэн менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМ билдирди.

Жолугушууда Бактыгулова өлкө ичинде болуп жаткан саясий окуялар тууралуу маалымат берди.

Ал белгилеп кеткендей, Кыргызстан өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин толугу менен сактайт жана буга чейин кол коюлган эки тараптуу жана көп тараптуу келишимдерди так аткарат.

«Тараптар ошондой эле мамлекеттик карызды жөнгө салуу маселелерин талкуулашты», — деп жазылат маалыматта.

Эске сала кетсек, Кыргызстан Кытай алдындагы карызын төлөөгө эки ай убакыт калды.