«Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди
Президент Сооронбай Жээнбеков «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 15-апрелинде кабыл алынган.
Аталган Мыйзам менен ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдү колдоо жана күчөтүлгөн даярдык режиминде ыкчам мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 3-апрелиндеги № 72 Мыйзамынын 4-беренесине (Ички берүүчүлөргө (подрядчыларга) берилүүчү жеңилдиктер) жана 21-беренесине (Түздөн-түз келишим түзүү усулу аркылуу сатып алуулар) айрым өзгөртүүлөр киргизилди.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.