Кыргызстанда өнөр-жай өндүрүшү жыл ичинде 2% төмөндөгөн

10 ноября 2020, 12:35

Кыргызстанда 2020-жылдын январь-сентябрь айларында өнөр-жай өндүрүшү 3.1 млн долларды түзгөн. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссия билдирди.

ЕАЭБ ичиндеги башка мамлекеттер менен салыштырып караганда, Кыргызстандагы өнөр-жай өндүрүшүнүн көрсөткүчү 1.9% төмөндөгөн. Ал эми максималдуу төмөндөө Россияда — 2.9% катталган.

Быйылкы жылы өндүрүш тармагы 1,6% га төмөндөгөнүнө карабастан, максималдуу пайда түшкөн. Электр энергиясы, газ жана башка берүүлөр 0,5% га гана төмөндөгөн.

Кошумчалай кетсек, иштетүү өңөр-жайы Кыргызстанда 2.6 млн доллар пайда алып келген .