Кыргызстан Париж клубу менен карызды төлөөнү токтото туруу боюнча макулдашуу жүргүздү
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда Париж клубу менен 10.9 млн доллар өлчөмүндөгү мамлекеттик карызды төлөөнү токтото туруу боюнча келишим май айынан декабрга чейин күчүндө. Бул тууралуу финансы министрлиги билдирди.
«16-июнда Париж клубунун мүчөлөрү менен өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. Калган өлкөлөр жана өнөктөштөр менен бирге мамлекеттик тышкы карызды реструктуризациялоо боюнча жигердүү иштер жүргүзүлүп жатат», - деп жазылат маалыматта.
Кошумчалай кетсек, үстүбүздөгү жылдын 31-июлуна карата республиканын мамлекеттик карызы 4 млрд 824.01 млн долларды (2020-жылга карата ИДПнын 63.49%) түзөт.
Анын ичинен:
- 13.56% же 654.41 млн $, мамлекеттик ички карызды түзөт;
- 86.44% же 4 млрд 169.6 млн $, — мамлекеттик тышкы карызды түзөт.
Эки тараптуу насыяга болгон карыздын көлөмү 2 млрд 249.76 млн $ (172 млрд 681.08 млн сом) түзөт. Башкы бөлүгү же 1 млрд 776.3 млн $ - Кыргызстан Кытай алдына карыз.