Кыргызстан Ташкентке 80 тонна картошка жөнөттү

16 октября 2020, 15:15

Өзбекстанга 80 тонна картошка экспорттолгон. Бул тууралуу инвестицияны коргоо жана өнүктүрүү Агенттигинин сайтында маалымдалат.

2020-жылдын октябрь айында өзбекстандык OOO Muhammadzohit baraka компаниясынын маалыматына ылайык, Ташкентке 80 тонна картошка жөнөтүлгөн.

Кошумчалай кетсек, AПЗИ ата мекендик дыйкандарга картошканы сатууда жардам көрсөткөн.