Кыргызстанда тигүү тармагындагы продукциянын сатылышы 50% төмөндөдү

10 декабря 2020, 15:45

Кыргызстанда тигүүчүлүк тармагындагы продукциялардын сатылышы 50% төмөндөдү. 30% ашуун чийки зат өлкөгө кирбей турат, өндүрүштөгү жумуштун көлөмү 45% түзүүдө, складдагы калган продукциялардын саны 50%. Бул тууралуу GTEX программасынын байкоочу комитетинде «Легпром» Бирикмесинин президенти Сапарбек Асанов билдирди.

Анын айтымында, пандемия тигүү тармагына эбегейсиз терс таасирин тийгизди. Тогуз ай ичинде экспорттун көлөмү, өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 49% төмөндөгөн. Андан сырткары, өндүрүштүн көлөмү өткөн жылдын ушул эле мезгилине салытырмалуу 47% төмөндөгөн.

«Биз тез арада мыйзамдык базаны оптималдаштырып, кызмат көрсөтүүлөргө санариптештирүүнү киргизүү абзел», — деп айтты ал.