Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 1 млрд $ төмөндөдү
Кыргызстандын үчүнчү өлкөлөр менен болгон тышкы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 2020-жылдын январь-декабрь айларында 3 млрд 247.6 млн долларды түздү. Бул маалыматты Евразия экономикалык комиссиядан билдиришти.
2019-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу жүгүртүү 985.03 млн $ төмөндөгөн. Бул импорттун 36.65% же 1.06 млрд $ төмөндөшү менен байланыштуу болгон. Ушул эле учурда республиканын экспорту 1.4 млрд $ чейин (+73.7 млн $) жогорулаган.