Красноярск-Ош чартердик аба каттамы ачылды

25 января 2021, 15:45

2021-жылдын 23-январынан тарта Красноярск-Ош-Краснорск чартердик аба каттамы ишке кирди. Бул тууралуу «Манас» аэропортунун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, «Икар» авиакомпаниясы аткарган Красноярск-Ош багытындагы каттамды Ош эл аралык аэропорту күтүп алды.

Алгачкы каттамда Ошко 125 жүргүнчү учуп келип, Красноярск шаарына 189 жүргүнчү учуп кетти.

Чартердик каттам жумасына 1 жолу, ишемби күндөрү абага көтөрүлөт.