Күрөөкана ээлери мыйзамсыз жогорку үстөк менен насыя беришкен

26 февраля 2024, 15:30

Жогорку пайыз менен мыйзамсыз насыя берип жүргөн, уюшкан кылмыштуу топ аныкталып, аларга бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, О.Ж.К жана Д.Д.Н. жетектеген адамдар тобу уруксат берүүчү документтери жок жылдык үстөк пайызы 60 пайыздан 120 пайызга чейин акчалай ссудаларды берүү боюнча иш-чараларды уюштурушкан.

"Кылмыш ишинин алкагында эки шектүү акча алып жаткан жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Бул топтун мыйзамсыз иш-аракеттеринен жабыркаган бардык жарандарды аныктоо боюнча тергөө иштерин уланууда", - деп айтылат маалыматта.