Күйөөсүнүн колунан каза болгон 440 аялдын бут кийимдери эстелик катары тургузулду

30 сентября 2019, 09:42

Турциянын Стамбул шаарындагы имараттын биринде, күйөөлөрүнүн колунан зордук-зомбулук менен каза болгон 440 аялдардын элесине арналып 440 аял бут кийими илинди. Бул бир өлкөдө бир жыл ичинде гана күйөөсүнүн колунан ажал тапкан аялдардын саны. Ал эми дүйнө жүзү боюнча зомбулукка кабылып, ажал тапкан аялдардын саны канча?

Мындай эстелик орнотуунун башкы идеясы турциялык сүрөтчү-дизайнер Vahit Tunaга таандык. Анын айтымында, ММКларда зомбулукка кабылган аялдар тууралуу тынбай маалыматтар чыгып турат. Бирок, алар убакыт өткөн соң унутулуп калат. Ошол себептен, дайыма бул маселе коомдун эсинде болуп туруу максатында жасаганын билдирет.

Турциянын кээ бир жерлеринде каза болгон инсандын бут кийимин аза күтүү катарында – үйдүн сыртына чыгарып коюшат.