Бир ай ичинде А-95 күйүүчү майга болгон баа 0,5 сомго арзандаган

20 апреля 2020, 17:30

Улуттук статистикалык комитет Бишкек шаарындагы ири базарлардагы күйүүчү-майлоочу материалдарга 1-апрелден 17-апрелге чейин мониторинг жүргүзгөн.

Жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында, Кыргызстан боюнча А-95 маркасындагы күйүүчү майга болгон баа орточо эсеп менен 0,5 сомго төмөндөгөн. Март айында А-95 маркасындагы күйүүчү майга болгон баа - 43,06 сом болсо, 17-апрелге карата 71 тыйынга арзандап 42,35 сомду түзгөн.

Кыргызстан боюнча Токтогулда А-95 күйүүчү майга болгон төмөн баа (41,2 сом) катталган, ал эми эң жогорку баа - Баткен шаарында (45,9 сомго) катталган.