Күйүүчү майдын баасы жарым жыл ичинде 7.5 сомго арзандады

27 августа 2020, 17:35

Ири май куюучу жайларда январь-март айларында күйүүчү майдын баасы төмөндөгөнү байкалган. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуучу орган маалымдады.

Күйүүчү майдын баасы орточо эсеп менен 17.5% төмөндөдү.

«1 литр күйүүчү майдын баасы орточо эсеп менен 7.5 сомго төмөндөгөн. Бул коронавирус пандемиясына байланыштуу мунайга болгон талаптын төмөндөшү менен байланыштуу болгон. Дүң баа март-май айларында төмөндөгөн», — деп маалымдашты агенттиктен.

Июнь айында Россия биржа фондунда талаптын жогорулаганына байланыштуу, күйүүчү майдын баасы өсө баштаган. Чекене баа июль айынан бери 1.3% кымбаттаган.

«Учурда өлкөдө күйүүчү майдын көлөмү жетиштүү, тартыштык болбойт», — деп билдиришти ведомстводон.