Курулушу жүрүп жаткан социалдык объектилерге видеобайкоо орнотулууда

11 мая 2023, 11:30

Кыргызстанда курулушу жүрүп жаткан социалдык объектилерге видеобайкоо орнотулууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда 240 соцобъектинин 97сине камералар коюлду. Анын алкагында курулуш иштеринин жүрүшү көзөмөлдөнүүдө.

Видеотрансляцияны толук жана жеткиликтүү камсыздоо максатында өкмөт санариптик онлайн-карта да иштеп чыккан. Бүгүнкү күндө ага Чүй, Ош, Нарын жана Талас облустары боюнча 28 объект кошулду.