Куттуу-Сай жана Кале-Сай кендерин иштетүү сунушталды

8 марта 2024, 17:40

Жаратылыш ресурстары, техникалык көзөмөл жана экология министрлиги Чүй облусундагы Куттуу-Сай-2 жана Кале-Сай кендерин “Чоң-Кемин” мамлекеттик улуттук жаратылыш паркынын аймагынан чыгарууну көздөөдө.

Министрлер кабинетинин токтом долбоору коомдук талкууга чыкты.

Долбоордун максаты Куттуу-Сай-2 сейрек кездешүүчү элементтер кени менен Кале-Сай бериллий кенин корголуучу аймактан чыгарууну көздөйт.

“Документте бул аракет кен казуу тармагына инвестицияларды тартууга, анын ичинде Чүй облусунун Кемин районунда геологиялык чалгындоо жана кен казуу иштерин өнүктүрүүгө шарт түзөт”, - деп айтылат маалыматта.