Кувейт — Бишкек — Кувейт аба каттамы жүргүнчүлөрдүн аздыгына байланыштуу токтотулду

21 сентября 2020, 14:45

17-24-сентябрь күндөрү Кувейт — Бишкек — Кувейт рейстери Jazeera Airways авиакомпаниясы тарабынан токтотулду. Бул тууралуу жарандык авиация Агенттигинин сайтында маалымдалат.

Белгиленгендей, рейстер жүргүнчүлөрдүн аздыгынан токтотулду.

Эске сала кетсек, авиакаттам 10-сентябрдан тарта жандандырылат.