Күзгү-кышкы мезгилге өтүү даярдыгы графикке ылайык жүрүүдө - Мэрия

30 июля 2020, 14:30

Борбор калаа Турак жай коммуналдык чарбасы боюнча вице-мэр Мирлан Амантуровдун жетекчилиги алдында күзгү-кышкы мезгилине даярдануу жана өтүү боюнча иштерди алып барууну улантууда. Бул тууралуу шаардын башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Баардык иштер графикке ылайык жүрүп жаткандыгы айтылууда.

Вице-мэр билим берүү, саламаттыкты сактоо жана башка социалдык мекемелерге өзгөчө көңүл бурду. Ал оңдоп-түздөө иштерин өз убагында бүтүрүүнү тапшырды. Шаардык каржылык башкаруунун жетекчиси Үмүтжан Аманбаевге оңдоп-түздөө иштерине жана күзгү-кышкы мезгилге өтүүгө каралган каражаттарды бөлүп берүү тапшырылды.

Мэрия эске салгандай, мектептердин жана бала-бакчалардын ремонту Бишкек шаарынын капиталдык курулуш башкармалыгынын линиясы боюнча жүрүүдө. Бул жылы баардыгы 54 төрт билим берүү аймагын калыбына келтирүү пландалууда, анын ичине 38 мектеп, 14 бала бакча жана 2 балдар чыгармачылыгынын борбору кирет.