2020-жылдын IV кварталында терминалдар аркылуу 14.8 млрд сомго төлөм жүргүзүлгөн

18 февраля 2021, 14:45

Өткөн жылдын IV кварталынын жыйынтыгы менен терминалдар аркылуу уюлдук кызматтар үчүн 4.6 млрд сом төлөнгөн. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Улуттук банк белгилеп кеткендей, терминалдар аркылуу 14.8 млрд сомго төлөм жүргүзүлгөн. Жалпысынан 38.3 млн финансы операциясы ишке ашырылган.

Мобилдик байланыш төлөмдөрүнөн кийин банк кызматтарынын төлөмдөрү кетет – 2.3 млрд сом жана 2.4 млрд сомго электрондук капчыктарды толтуруу, 1.5 млрд сомго коммуналдык кызматтарды төлөө жүргүзүлгөн. Кыргызстандыктардын банктык эсептери жалпысынан 1 млрд сомго толтурулган.

Терминал аркылуу 410 млн сомго насыялар, 69 млн сомго жол эрежесин бузгандыгы үчүн айыптар төлөнгөн.