Кырдаалдан улам акча алмаштыруучу жайлар эрте жабылышты
Бишкекте болуп жаткан башаламандыктан улам акча алмаштыруучу жайлар мөөнөтүнөн мурда эрте жабылышты. Бул тууралуу «Акчабарга» «Альянс» акча алмаштыруучу Ассоциациясынын өкүлү Чыңгыз Бийлибаев билдирди.
Анын айтымында, 5-октябрда акча алмаштыруучу жайлар саат 16:00дө жабыла башташкан.
Эске сала кетсек, кечээ саясий партиялар 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразычылыгын билдиришип, митингге чыгышкан. Тынчтык митинги башамаламдыкка айланып, эл УКМК менен Ак үйдүн имаратын басып алышкан.