Кырдаалдан улам коммерциялык банктар иштебейт

6 октября 2020, 09:55

Улуттук банктын чечими менен бүгүн, 6-октябрда бардык коммерциялык банктар иштебейт. Бул тууралуу «Акчабарга» Бай Түшүм банкынын өкүлү Максатбек Ишенбаев билдирди.

«Улуттук банк тарабынан коммерциялык банктарга бүгүн эч кандай иш алып барбоо боюнча буйрук келип түштү. Бүгүн бир дагы коммерциялык банктар, ошондой эле Бай Түшүм банкы дагы иштебейт», - деп билдирди Ишенбаев.

Эске сала кетсек, Бишкекте болуп жаткан башаламандыктан улам акча алмаштыруучу жайлар кечээ, мөөнөтүнөн мурда жабылышкан.