Кыргызстандын ички карызы 3.2 млн долларга өстү

24 февраля 2021, 15:30

22-февралга карата жалпы ички карыздын көлөмү (мамлекеттик казына облигациялары жана векселдери боюнча милдеттенмелер) 57.4 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Үстүбүздөгү жылдын 3-февралына салыштырмалуу 275 млн 597 миң сомго же 3 млн 255 миң долларга жогорулады. Өсүүнүн себеби мамлекеттик облигациялар боюнча мамлекеттик карыз 0,59% га жана казына векселдери боюнча карыздын 13,69% га азайгандыгы менен байланыштуу.

Белгилей кетсек, 19-февралдан 22-февралга чейин мамлекет 12 айлык баалуу кагаздар боюнча 110.6 млн сом төлөгөн. Ошол эле учурда, бул убакыт аралыгында мамлекет 10 жылдык мамлекеттик баалуу кагаздардын эсебинен 771.5 млн сом карыз алган.