«Кыргызалтында» кадрдык өзгөрүүлөр болду

23 июня 2020, 09:50

«Кыргызалтын» акцинердик коомунун экономика, финансы жана инвестиция бөлүмүнүн төрагасынын орун басары Жумадил уулу Мурадил, 22-июнда ыйгарым укуктарын токтотту. Бул тууралуу Кыргыз биржа фондунун сайтында маалымдалат.

Эске сала кетсек, Жумадил уулу Мурадил аталган кызматка 2018-жылдын ноябрь айында орношкон. Буга чейин ал Жогорку Кеңештин отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетти жетектеп келген.