Кыргыз-израиль өнүктүрүү фондун түзүү сунушталды

13 апреля 2022, 14:50

Резиденциясы Анкара шаарында жайгашкан Кыргызстандын Израилдеги элчиси Кубанычбек Өмүралиев Израилдин каржы министри Авидгор Либерман менен жолугушту. Бул тууралуу Түркиядагы элчиликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда элчи Өмүралиев эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык чөйрөдөгү кызматташтыкты өнүктүрүү зарылдыгын белгилеп, өзгөчө кош салык салуудан качуу жана инвестицияларды коргоо боюнча келишимге кол коюу, ошондой эле кыргыз-израиль өнүктүрүү фондун түзүү боюнча мүмкүнчүлүктөрдү карап чыгууну сунуштады.

Өз кезегинде министр Либерман кыргыз тараптын жогорудагы сунуштарын кароого жана Израиль тарап айыл чарба тармагында кызматташууга даяр экенин белгиледи.