Кыргыз-казак чек арасындагы бекеттерде 500дөн ашык фура топтолду

5 октября 2023, 17:00

Кыргыз-казак чек арасындагы бекеттерде 500дөн ашык фура топтолду.

Чек ара кызматынан билдиришкендей, 400дөй автоунаа “Ак-Тилек” бекетинде, 120дан ашыгы “Кең-Булуңда”, 50дөн көбү Чалдыбар бекетинде Казакстанга өтө албай кезек күтүүдө.

Тыгындын пайда болушуна ташылып бараткан жүктөрдүн көлөмү көбөйгөнү себеп болгону айтылды. Эки мамлекеттин тең чек ара бекеттери штаттык негизде иштеп жатат.