Кыргыз-казак чек арасындагы тыгын маселеси жоюлду

29 августа 2023, 11:00

Кыргыз-казак чек арасындагы тыгын маселеси жоюлду. Бул тууралуу Чек ара кызматынын өкүлү Сажира Чоколоева билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда унаалардын кезеги жок. Бардык өткөрүү бекеттери кадимки тартипте иштеп жатат.

Эске салсак, кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу унаалардын узун кезеги 20-августта каттала баштаган. Жалпысынан коңшу өлкө аймагына кирүү үчүн кезекте турган унаалардын саны 600дөн ашкан.