«Барскоон-Учтурфан-Аксу» жолун куруу пландалууда

1 марта 2024, 12:36

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайга жасаган иш сапарынын алкагында, Кашгар шаарында ККПнын Борбордук Комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү, КЭР СУАР Партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуй менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар энергетика, жер казынасын пайдалануу, айыл чарба продукциясын экспорттоо электрондук соода жана бондалык зоналар туурасында маселелерди талкуулашты.

Минкаб башчысы Эркечтам көзөмөл-өткөрүү пунктуна көмүр базасы менен ленталуу конвейерди куруу үчүн жер бөлүнгөнүн айтып, андан ары "Бедел" жаңы өткөрмө пункттун ачуу жана “Барскоон-Учтурфан-Аксу” жолунун курулушу боюнча кеп козгоду.

"Биздин мамлекеттердин башчылары “Беделди” ачуу жана жолду 2024-жылы ишке киргизүү боюнча чоң милдеттерди коюшту. Албетте, “Бедел” өткөрмө пункту өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достуктун тарыхында жаңы этапты ачып, Кытайдан Борбор Азия өлкөлөрүнө жана андан тышкары өлкөлөргө жүк ташуулардын көбөйүшүнө чоң кошумча салым кошоору шексиз"-деди Акылбек Жапаров.