Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

4 апреля 2022, 11:50

Кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт” жана “Эркечтам” көзөмөл-өткөрүү бекеттери 5-апрелде транспорт каражаттар үчүн жабык болот. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалымаптка ылайык, чек ара Кытай тараптын демилгеси менен Цинмин фестивалын майрамдоого байланыштуу жабылат.

Ал эми 6-апрелден тарат чек ара аркылуу товарларды жана жүктөрдү өткөрүүнү гана караган алгоритм боюнча иш жанданат.