Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

7 февраля 2024, 17:50

Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат. Чек ара кызматынан такташкандай, 10-февралдан 12-февралга чейин “Торугарт” жана “Эркечтам” өткөрүү пункттары ишин токтотот.

Бул чаралар Кытайда жаз майрамын белгилөөгө байланыштуу.

Адамдар, унаалар жана жүктөрдү өткөрүү 13-февралдан тарта жанданат.