Кыргыз-кытай ишкерлеринин бизнес жолугушуусу өтөт

24 апреля 2024, 17:45

26-апрелде Бишкекте “Hayatt” мейманканасында кыргызстандык жана кытайлык (Шэньси) ишкерлердин бизнес-жолугушуусу өтөт. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууга Шэньси провинциясындагы эл аралык соодага көмөктөшүү комитетинин төрагасы Цзя Чжэнлан жана Шэньси провинциясынан келген делегация катышат. Иш-чара саат 09:00до башталат.

Ошондой эле, Соода-өнөр жай палатасы аталган жолугушууга кыргызстандык кызыктар тараптарды чакырат.

Иш-чаранын максаты - эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда кызматташуу үчүн платформа түзүү.

Катталуу үчүн талапкерлер 613873 телефон номерине чалуусу керек.