ААК «Кыргызмунайгаз» 2020-жылы 47 жаңы унаа сатып алат

14 февраля 2020, 17:30

«Кыргызмунайгаз» ААКсы 2020-жылы 47 жаңы унаа сатып алат. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти.

Компаниянын бюджетинен 47 унааны сатып алууга 316 млн сом каралган. Учурда 7 унааны сатып алуу боюнча келишим түзүлгөн. Алар ушул жылдын март айынын аягына чейин келет.

Эскерте кетсек, аталган ишкана 65 млн сомго 24 унаа сатып алган.